Cоболезнование первому ректору ДА МИД КР Кемельбаеву Н.К. от МИДа

Урматтуу Нургазы Кемелбаевич,

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде, чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде жана дипломатиялык кызмат органдарында кызмат кылып жаткан кесиптештерибиздин атынан жана жеке өзүмдүн атыман Сиздин уулуңуз, биздин кымбаттуу кесиптешибиз Кемелбаев Роман Нургазыевичтин дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу Сизге жана жакындарыңызга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз.

Роман Нургазыевич Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин системасындагы эмгек жолун 1996-жылы Азия, Африка жана Тынч Океан өлкөлөрүнүн башкармалыгында баштап, андан соң 2008-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Индия Республикасындагы Элчилигинде жигердүү эмгектенип, Кыргызстандын Индия менен кызматташтыгын тереңдетүүгө олуттуу салым кошкон.

Роман Нургазыевич өз элинин мекенчил уулу, өз ишин мыкты билген кесипкөй, эмгекчил жана кесиптештеринин арасында өзүнүн чынчылдыгы, жөнөкөйлүгү жана калыстыгы менен чоң кадыр баркка ээ болгон инсан эле.

Роман Нургазыевичтин жаркын элеси, анын дипломатия тармагындагы жемиштүү иштери биздин эсибизде  түбөлүккө сакталып кала берет.

Ыйманы саламат, жаткан жери жайлуу жана топурагы торко болсун!    

 

 

Министр                                                                     Ч. Айдарбеков

 

 

Кыргыз Республикасынын

Тышкы иштер министрлигинин

Дипломатиялык академиясынын

Биринчи Ректору

Н.К. Кемелбаев мырзага