7- апрель Элдик революциясы күнүнө арналган “Эч ким эч качан унутулбайт” эскерүү кечеси

2016 — жылдын 6 — апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын холлунда 7-апрель Элдик революциясы күнүнө арналган “Эч ким эч качан унутулбайт” эскерүү кечеси өткөрүлдү.

7-апреля

Кече 7-апрель күнүндө курман болгондорду эскерүү мүнөтү менен башталды. Кечеге К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын Илимий иштер боюнча проректору Кыдыров Таалайбек Турганбаевич, “Апрель” Коомдук бирикмесинин төрагасы Бакетаев Бакыт Кушбекович, академиянын окутуучулары жана студенттери катышышты. Эскерүү кечеде  Мамлекеттик жана чет тилдер кафедрасынын окутуучусу Акбаева Альбина Жоробековна менен биргеликте 2-курстун студенттери (Калмурзаева Нурпейил, Молтоева Малика, Суйуналиев Чынгыз) тарабынан даярдалган видео-ролик көрсөтүлүп, студенттер өз докладдарын окуп беришти.

Мамлекеттик жана чет тилдер кафедрасынын ага окутуучусу Береналиев Бабакан Качыевич “Улуттун улуулугу эмнеде?” деген темада доклад окуду.

Эскерүү кече суроо-жооп иретинде улантылып. Мамлекеттик жана чет тилдер кафедрасынын ага окутуучусу Зарипова Мунара Эркиновнанын 7-апрель Элдик революция күнүнө арналган “Азалуу жаз” чыгармасын 1- курстун студенттери тарабынан көркөм окуусу менен кече соңуна чыкты.

 

Эскерүү кечеси К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын Мамлекеттик жана чет тилдер кафедрасы тарабынан уюштурулду.

 

Программасы

7- апрель Элдик революциясы күнүнө арналган “Эч ким эч качан унутулбайт” эскерүү кечеси

Өткөрүү убактысы: 6 — апрель 2016 — жыл

Өткөрүлө турган жери: Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын холлу

Уюштуруучулар: К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын Мамлекеттик жана чет тилдер кафедрасы

Алып баруучу: Турумбекова Азиза ( 3 курстун студенти)

Ачылышы:  — Акын Алтынбек Исмаиловдун ыры (Фонограмма коюлат)

  • Курман болгондорду эскерүү.
  • К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын Илимий иштер боюнча проректору Кыдыров Таалайбек Турганбаевичке сөз берилет.
  • Мамлекеттик жана чет тилдер кафедрасынын окутуучусу Акбаева Альбина Жоробековна менен биргеликте 2 — курстун студенттери (Калмурзаева Нурпейил, Молтоева Малика, Суйуналиев Чынгыз) тарабынан даярдалган видео — ролик көрсөтүлүп жана доклад окулат.
  • Мамлекеттик жана чет тилдер кафедрасынын ага окутуучусу Береналиев Бабакан Качыевич “Улуттун улуулугу эмнеде?” деген темада доклад окуйт.
  • “Апрель” Коомдук бирикмесинин төрагасы Бакетаев Бакыт Кушбековичке сөз берилет.
  • Мамлекеттик жана чет тилдер кафедрасынын ага окутуучусу Зарипова Мунара Эркиновнанын 7- апрель Элдик революция күнүнө арналган “Азалуу жаз” чыгармасын 1- курстун студенттери көркөм окушат.

Кеченин жабылышы.