2019-жылдын 7-июлунда КР ТИМ К. Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академияда Европалык союздун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини аял- дипломаттар жана депутаттар менен жолугушту.

2019-жылдын 7-июлунда КР ТИМ К. Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академияда Европалык союздун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини аял- дипломаттар жана депутаттар менен жолугушту.

Федерика Могерини катышуучуларга ыраазычылыгын билдирип,  кол коюлган Макулдашуунун чегинде Кыргызстан жана Евросоюздун ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтыктын негизги багыттары жөнүндө айтып берди. Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар КР Жогорку Кеңешинде аялдардын  бар болуусунун маанилүүлүгү, социалдык, билим, маданият жана башка тармактардагы кызматташтык жөнүндө пикир алмашышты.  Ошондой эле  ВСП+ чегинде  Кыргызстандын  продукцияларын илгерилетүү маселелери козголду.

Жолугушуунун аягында катышуучулар Кыргызстан жана Евросоюздун ортосундагы кызматташтык мындан ары да ийгиликтүү өнүгүүсүнө ишеним билдиришти.

Жолугушууга КР  Жогорку Кеңешинин депутаттары  Алтыбаева А., Исмаилова Г., Сурабалдиева Э., КР Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилер Оролбаева И., Иманалиева Л., КР Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери, КР ТИМ Дипломатиялык академиянын, БААУнун, Ж. Баласагын атындагы КУУнун  өкүлдөрү катышты.

 

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *