2019-жылдын 26-мартында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министирлигинин Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясында Корея эл аралык кызматташуу агенттигинин өкүлдүгүнүн башчысы О Донгилдин конок лекциясы болуп өттү.

Лекциянын алкагында Агенсттиктин башчысы Кыргызстан жана Корея ортосундагы эки тараптык мамилере жөнүндө айтып берди. Ошондой эле Корея эл аралык кызматташуу агенттигинин Кыргызстандагы ишкердиги жана негизги долбоорлору жөнүндөгү маалымат менен бөлүштү.

Айрыкча мамлекеттик жана эл аралык уюмдар менен кызматташтык, ошондой эле глобалдуу  кызматташтык долбоорлорго көңүл бурдулду.
Лекцияга окутуучулар жана магистратуранын студенттери катышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *