23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү.

1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тили «Мамлекеттик тил» деген статуска ээ болуп, ошондон бери бул күн өлкөбүздө тил майрамы катары белгиленип келет.  Ар бир улуттун өзүнүн ыйык өзгөчөлүктөрү бар. Алардын бири – эне тили.

       Мамлекеттик тил — өлкөдө иш кагаздарын алып барууда, жалпы билим берүүчү орто мектептерде, атайын орто жана жогорку окуу жайларында окутууну жүргүзүүдө милдеттүү түрдө колдонулуучу тил болуп саналат.

       Бардык мекендештерибизди бүгүнкү майрам менен чын дилден куттуктайбыз!