Representatives of the Diplomatic Academy of the Ministry of Foreign Affairs of the Kyrgyz Republic named after K. Dikambaev met with the Association of Auditors of the Higher National Institute of Defense and Security, France on May 2, 2019.

2019-жылдын 2-майында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясында Франциянын жогорку улуттук коргоо жана коопсуздук институтунун Аудиторлор Ассоциациясы менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун чегинде  тараптар геосаясат, социалдык-маданий кызматташтыктын абалы жана келечеги жөнүндөгү маселелерди талкуулашты. Андан бөлөк Борбор Азия жана Европа биримдигинин көп тараптуу бирге кызматташуу маселелери козголду.

Жолугушууда  кыргыз тараптан төмөнкүлөр  катышты:

  • Чинара Адамкулова, Тышкы иштер министрлигинин К. Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын ректору
  • Зайнидин Курманов, Тышкы иштер министрлигинин К. Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын илим боюнча проректору
  • Айна Мамытова, UNICEFтин эксперт-консультанты
  • Айнура Джоробекова, Тышкы иштер министрлигинин К. Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын “Эл аралык мамилелер жана укук” кафедрасынын башчысы
  • Александр Тузов, журналист
  • Болот Шамшиев, СССР эл артисти
  • Досмир Узбеков, педагогика илимдеринин кандидаты
  • Кадырбек Сарбаев, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер экс-министри
  • Мурат Бейшенов, полковник, философия илимдеринин кандидаты, КРСУ
  • Мурат Суюнбаев, география илимдеринин кандидаты, КРСУ
  • Орзубек Назаров, Бокс боюнча дүйнөнүн 7-жолку чемпиону
  • Чингиз Шамшиев, БААУ
  • Шамшыбек Медетбеков

 

Француз делегациясынан төмөнкүлөр катышты:

  • Мирей Мюссо – Ардактуу Элчи, Франция тарабынан Грузия жана Белорусиянын мурдагы элчиси
  • Мари Шарлот Боло – география профессору
  • Бернар Бригуле – журналист жана жазуучу
  • Мишель Бригуле – журналист жана жазуучу
  • Николь Шэ – математика профессору
  • Франсуа Шовьер – Лавуазье лицейинин физика илимдеринин профессору
  • Моник Шезальвьель – АКШнын Стэнфорд университети
  • Поль Фрейермут – Куралдуу күчтөрдүн башкы инспектору
  • Клодин Фрейермут – дарыгер, анестезиолог-реаниматолог
  • Адлэн де ла Тур дю Пин – Ардактуу Элчи, Франциянын мурдагы элчиси
  • Кристиан де ла Тур дю Пин – кыймылсыз мүлк компаниясынын менеджери
  • Алэн ле Фэвр – Ардактуу Сот
  • Пьер-Эммануэль Леви – инженер жана физика профессору
  • Мартин Лоо – саясий илиминин жеке укук магистри, Тулуза шаары
  • Бенуа Мадре – Лафарг группасы
  • Франс Мадре – Париж шаарындагы медицина факультетинин медицина профессору, анестезиолог-реаниматолог адиси

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *