2019-жылдын  10- июнунда КР ТИМдин К. Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын ректору Чинара Адамкулова кызматтык иш сапардын алкагында Москва шаарында бир нече жолугушуу өткөрдү. МГИМОнун эл аралык байланыштар башкармалыгынын башчысы  Е. В.  Андреев менен жолугушуу өттү.

2019-жылдын  10- июнунда КР ТИМдин К. Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын ректору Чинара Адамкулова кызматтык иш сапардын алкагында Москва шаарында бир нече жолугушуу өткөрдү. МГИМОнун эл аралык байланыштар башкармалыгынын башчысы  Е. В.  Андреев менен жолугушуу өттү. Жолугушуунун чегинде кызматташтыкты өнүктүрүү, тагыраак айтканда бакалавриат программасы боюнча студенттер менен алмашуу, МГИМОдо билим алуу үчүн квоталык орундар боюнча  маселелер талкууланды.

Ошондой эле Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин ректору И.А.Краева менен жолугушуу өттү. Жолугушуунун чегинде тараптар КР ТИМ Дипломатиялык академияда 2019-жылдын күзүндө котормочуларды даярдоо боюнча окутуучулар үчүн семинарлардын циклин уюштуруу жөнүндө макулдашылды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *