Бүгүн, 2019-жылдын  10- июнунда КР ТИМдин К. Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын ректору Чинара Адамкулова кызматтык иш сапардын алкагында Россия Федерациясынын ТИМ Дипломатиялык академиясынын биринчи проректору Татьяна Закаурцева менен жолукту.

Ч. Адамкулова Россия ТИМдин Дипакадемиясынын профессорлору И. Сурма жана С. Жильцовду сапаттуу семинарларды өткөргөндөрү үчүн ыракматын айтты.  Жолугушуунун чегинде КР ТИМдин кызматкерлери жана магистратуранын студенттери үчүн экономикалык дипломатия жана эл аралык соода боюнча  келерки окуу жылында семинарларды өткөрүү жөнүндө макулдашылды. Мындан бөлөк бакалавриат программасы боюнча студенттер менен алмашуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле жолугушууда РФ ТИМ ДАнын актуалдуу эл аралык көйгөйлөр Институту менен биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү жана кызматташуу жөнүндө маселелер талкууланды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *