Өнөктөштөр

 

Эл аралык кызматташтык КР ТИМ Дипломатиялык Академиясынын ишмердүүлүгүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналып, билим берүүнүн сапатын камсыздоочу  жана эл аралык стандарттарга шайкеч кылуучу маанилүү курал катары каралат, ал эми эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү – окуу жайдын стратегиялык максаты

Интенсивдүү эл аралык контакттар жана бир катар эл аралык уюмдардын жана ЖОЖдордун колдоосу окуу процессин чет өлкөлүк алдыңкы университеттердин сапатынын стандарттарына жооп берүүчү заманбап программалар менен камсыздоодо маанилүү ролду ойноду.

КР ТИМ ДАнын эл аралык ишмердүүлүгү Кыргызстандын жогорку билим берүү системасындагы КР ТИМ ДАсынын абалын жогорулатууга жана дүйнөлүк билим берүү жана илимий мейкиндикке мындан аркы интегрция  болууга багытталган.

КР ТИМ ДАсы көптөгөн чет өлкөлүк университеттер жана Европа жана Азия, Нидерланддар, Вена, Россия, Кытай,Түркия ж.б.өлкөлөрдүн эл аралык уюмдары менен туруктуу байланышты колдойт. Приоритеттердин бири катары КМШга мүчө өлкөлөрдүн университеттери менен кызматташуу эсептелет.

 

Партнердук университеттер жана уюмдар

 

 

damidrf
Россия Федерациясынын Тышкы Иштер Министрлигинин Дипломатиялык Академиясы
Россия Федерациясынын Тышкы Иштер Министрлигинин Дипломатиялык академиясы тышкы иштер Элдик комиссарлыгында дипломатиялык жана консулдук кызматкерлерди даярдоо боюнча Институт ачылган 1934-жылдан бери өзүнүн тарыхын жүргүзүп келет, 1939-жылы Жогорку Дипломатиялык мектеп болуп кайра түзүлгөн. 1979-жылы Өкмөттүн токтому менен ЖДМ СССР ТИМ Дипломатиялык академиясы болуп кайра түзүлгөн.

 

Сайтка кируу


 

logo7
                   МЭАМИ(МГИМО)    Университети
МГИМО Россиянын эл аралык профилдеги адистерди даярдоо боюнча эски университеттик борборлордун бири болот.Университеттин түзүлгөн күнү деп Совнаркомдун 1944-жылдын 14-октябрында бир жыл мурда ачылган М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин Эл аралык факультетин  өз алдынча институт кылып кайра түзүп чыгуусу саналат.1946-жылы МГИМОго окууга чет өлкөлөрдөн студенттер келе башташты.

.Сайтка кирүү 

logo13
СИНЬЦЗЯН    Университети
Синьцзян  университети 1924-жылы негизделген.Университет Үрүмчү шаарынын Эл аралык базарынын жанында жайгашкан .Синьцзян университети Синьцзяндагы эң алдыңкы жогоку окуу жайлардын бири болуп саналат .Ал Кытайдагы “211” долбооруна (21 кылымда 100 алдыңкы университет куруу долбоору)кирген университет болуп эсептелет.

 

Сайтка кирүү

logo8
КОНФУЦИЙ ИНСТИТУТУ
Биринчи Конфуций Институту 2004- жылдын ноябрында Түштүк Кореянын борбору – Сеулда ачылган. Ошондон тартып Конфуций Инситуттары бүткүл дүйнө боюнча ачыла баштады. 2007-жылдын акырына чейин дүйнөнүн 64 өлкөсүндө жана региондорунда 210дон ашык Институттар, анын ичинде Азияда-65 ,Европада-73, Америкада-51, Африкада-16, Океанияда-6.  2012-жылдын ортосуна чейин дүйнө жүзүндө 600дөн ашык Конфуций Институттары жана Класстары ачылган.

.Сайтка кирүү

logo14       ЛАНЧЖОУ ТЕХНОЛОГИЯЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ
Ланчжоу технологиялык университети узак тарыхы бар илимдин жана техниканын университети, бир кездерде Кытайдын тарыхый  Жибек Жолунун маанилүү чеби болгон Ганьсу провинциясынын борбору Ланчжоуда жайгашкан. Университет 1919-жылы түзүлгөн. 95 жылдык өнүгүүдөн кийин университет ар тараптуу болуп жана таанылган илимий, технологиялык жогорку билим институту болду. Университет машина курууда чоң күчкө ээ, илим талаасы чөйрөсүндө бекем негизи жана гуманитардык илимдер чөйрөсүндө эң сонун программалары бар. Ал бекитилген мульти дисциплинардык, көп кырдуу, академиялык системанын докторлук, магистердик программалар жана бакалавр даражасынын  мульти-тибине ээ.

.Сайтка кирүү

medium_f95171d837
 ФРИДРИХ ЭБЕРТ ФОНДУ
Фридрих Эберт Фонду –Германия Федеративдүү Республикасынын ири саясий фонду. Анын ишинин баалуу пайдубалы социалдык демократия  болот. Эберт Фонду демократиялык структуралардын өнүгүүсүн, социалдык адилеттүүлүктү, коопсуздукту жана тынчтыкты – Германия менен Кыргызстанда гана эмес, дүйнөнүн башка жүздөн ашуун өлкөлөрүндө активдүү колдойт.

Сайтка кирүү

__             КОНРАД АДЕНАУЭР ФОНДУ
 Уюм 1955-жылы Бруно Хеканын жетекчилиги астында христиан-демократиялык агартуу жана билим берүү иштерин жүргүзүү үчүн түзүлгөн 1964-жылдан тартып Германия Федеративдүү Республикасынын биринчи федералдык канцлери Конрад Аденауэрдин ысымын алып жүрөт. Өлкөдө жана чет өлкөлөрдө Конрад Аденауэр атындагы фонд саясий билим берүү менен алектенет, европалык интеграциянын бекемделишин колдойт, искусствонун жана маданияттын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт, жөндөмдүү студентер жана аспиранттар анын стипендиаттары болушат, фонддун адистери христиан-демократиялык кыймылдын өнүгүү тарыхын окуп үйрөнүшөт жана документтештиришет.

.Сайтка кирүү

floD3aY0Y6ibs
ВЕНА  ДИПЛОМАТИЯЛЫК  АКАДЕМИЯСЫ
Дипломатиялык академия эл аралык карьера жана эл аралык уюмдарга, ЕС, жетекчилик кызматтарга, мамлекеттик кызматтарга жана эл аралык бизнеске жондөмдүү бүтүрүүчүлөрдү даярдоо үчүн дипломдон кийинки кесиптик мектеп. Окутуунун негизги багыттары эл аралык мамилелерди, саясат таанууну, эл аралык жана ЕС, укукту, экономиканы, тарыхты жана тилдерди камтыйт.

Сайтка кирүү 

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *