Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2019-жылдын 24-июнундагы кулактандыруусу

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөн күнүнүн 75 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Министрлик кыргызстандык ЖМКлардын арасында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында төмөнкү темаларды чагылдырууга чыгармачылык конкурс өткөрүү жөнүндө жарыя кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын тышкы саясий ишмердүүлүгү;
  2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын органдарынын ишмердүүлүгү;
  3. Кыргыз Республикасынын дипломаттарынын ишмердүүлүгү.

Конкурска кыргызстандык басма жана электрондук ЖМКларда, интернет-басылмаларда эмгектенген журналисттер, социалдык тармактардын колдонуучулары, Кыргыз Республикасында аккредиттелген чет өлкөлүк ЖМКлардын кабарчылары, ошондой эле академиялык чөйрөлөрдүн өкүлдөрү жана студенттер катыша алышат.

  1. Конкурстун максаты:

Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда жарыяланган эң мыкты жана объективдүү материалдардын (репортаж, очерк, сюжет, макала, берүү, пост, талдоо материалдары) авторлорун таануу жана сыйлоо.

 

  1. Конкурсту өткөрүүнүн тартиби:

Конкурска катышуу эркин турдө, төмөндө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдө ишке ашырылат.

 

Эмгекти баалоо үчүн Комиссияга 2019-жылдын 24-июнунан баштап 14-октябрына чейин Кыргыз Республикасынын ЖМКларында же социалдык тармактарда жайгаштырылган өз эмгегинин (же продукт) жыйынтыктарын берүү зарыл.

Бардык эмгектерди: press@mfa.gov.kg электрондук почтасына «конкурска» деген белги менен жөнөтүү зарыл. Эмгектерди кабыл алуу 2019-жылдын 14-октябрына чейин жүргүзүлөт. Материалдар жөнөтүлгөндүгү тууралуу +996 312 626559 телефонуна кабарлап коюу керек.

 

Публикациялар Комиссияга мамлекеттик же расмий тилдерде жиберилиши зарыл. Эгерде конкурска жиберилген материал башка тилде жарыяланган болсо, ал кыргыз же орус тилдериндеги котормосу менен коштолушу зарыл.

2019-жылдын 14-октябрынан 23-октябрына чейин мыкты иштерди аныктоо процесси өтөт. Комиссиянын мүчөлөрү 5 балдык шкала боюнча баа берүү аркылуу ар бир номинация боюнча мыктыларды аныкташат. Конкурстун жыйынтыктары 2019-жылдын 24-октябрында жарыяланат.

Конкурстун жеңүүчүлөрүнө баалуу белектер каралган.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *