
Үстүбүздөгү жылдын 25-сентябрында КР ТИМ К. Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академияда Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чараны академиянын ректору Н. Т. Айтмурзаев куттуктоо сөздөрү менен ачып , келген конокторго сөз узатты.
Салтанатка Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын билим берүү бөлүмүнүн башчысы А. О. Ишеналиева, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы азыркы кыргыз тили жана адабияты бөлүмүнүн башчысы Г. Жаманкулова, Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү, акын А. Исмаиловдор катышып окуу жайдын студенттерине жана жалпы жамаатына кызыктуу маек куруп беришти.
Иш- чаранын жүрүшүндө окуу жайдын 1-курсунун студенттери тарабынан даярдалган И. Арабаев, К. Тыныстанов жана башка кыргыз тилинин өнүгүүсунө салым кошкон инсандарга арналган презентациялар көрсөтүлдү, акындарыбыздын ырлары окулду, кыргыз ыр-бийлери салтанатка майрамдык шаң берип турду.
Уюштуруучу мамлекеттик жана чет тилдер кафедрасы.