2021-жылдын 21-сентябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин  К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык Академиясында, “Мамлекеттик тили жана чет тилдер” кафедрасы  уюштурган  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө   арналган  “Улут болсом, тилим менен улутмун” аттуу темада тегерек стол өткөрүлдү.

Дипломатиялык академиянын ректору Чинара Адамкулова куттуктоо сөзү менен тегерек столду ачты. Биздин максатыбыз — Кыргызстанда жашаган бардык этностун тилин сактап, өнүктүрүү менен бирге мамлекеттик тилди, расмий тилди жана чет тилдерди мыкты билген  жаңы муунду тарбиялашыбыз керектигине токтолду.

Тегерек столго Кыргыз Республикасында кыргыз тилинин өнүгүшүнө көп салымын кошкон, кыргыздын заманбап педагогу, тилчи жана адабиятчы окумуштуу, Педагогика илимдеринин доктору,  профессор, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти  Назаркул Ишекеев, «Кыргыз тили» республикалык коомунун президенти,  мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мүчөсү, коомдук ишмер Раимжан Рахманович Курбанов, КР Президентине караштуу  Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын жетектөөчү адиси Толукбаева Сезим Карыбековна, «Улут» мобилдик тиркемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири – кыргызга белгилүү ырчы Андарбеков Өмүрбек Андарбекович жана Дипломатиялык академиянын окутуучулары, кызматкерлери жана студенттери катышты.

Кыргызстанда мамлекеттик тилди  өнүктүрүү боюнча  коюлган максаттарды ишке ашыруунун эволюциясына байланышкан, заманбап  мамлекеттик тилдин өнүгүшүнүн негизги көйгөйлөрү, заманбап дүйнөнүн реалдуу шарттарын, эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен экономикалык реформага алып баруучу практикалык кадамдарга жана ишке ашырууга тиешелүү актуалдуу маселелер талкууланды.