Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтуна (Университет) документтерди кабыл алуу жарыяланат.

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин  К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясы

 

2015-жылдын 4-майынан 30-майына чейин Орусия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтуна (Университет) 2015-2016-окуу жылына  кыргыз жарандары үчүн төлөөсүз негизде бакалавр программасына (күндүзгү окуу бөлүмү – 4 жыл)  окууга өтүүгө документтерди  кабыл алуу жарыяланат:

Кирүү сынактары 2015-ж. 5-июндан 10-июнга чейин төмөнкү сабактар боюнча болуп өтөт:

— Орус тили;

— чет тили;

— математика.

 

1- июндан 4 июнга чейин кирүү сынактардын алдында аталган сабактар боюнча консультациялар ѳткѳрүлѳт.

 

Окууга өтүүгө төмөнкү документтер талап кылынат:

— арыз;

— окуу жайынан малым кат;

— паспорттун көчүрмөсү;

— №086 медициналык маалым кат;

— 3Х4 өлчөмүндөгү фото сүрөт (6 даана);

— жазылуу укугу  үчүн 1000 сом.

 

Орусия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институна (Уиверситет) студенттердин окуусун гана каржылайт. Жатакана жана жол кире чыгымдарын студенттер ѳз алдынча тѳлѳшѳт.

 

Толук маалымат  www.mgimo.ru. сайтында жайгашкан.

 

Бишкек ш. Эркиндик бульвары, 36  т.62-02-83; 62-43-44; 66-01-85. www.dipacademy.kg