2018-жылы 12-декабрда Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К.Дыйкамбаев атындагы Дипломатиялык академиясында залкар жазуучунун чыгармаларынан көркөм окуу боюнча конкурстук сынак өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин  К.Дыйкамбаев    атындагы Дипломатиялык академиясында Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча көркөм окуу болуп өттү. 2018-жылы Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун 90 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан жана Кыргызстандын аймагындагы чет элдик мекемелерде, чет  мамлекеттерде ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлүп жатат, мисалы: Чыңгыз Айтматовдун айкелин тургузуу, жазуучунун ысымын сейилбакка ыйгаруу, илимий-практикалык конференциялар, адабий кечелер, эскерүү кечелери, “Айтматов окуулары” өткөрүлүп, залкар жазуучунун чыгармаларынын негизинде тартылган кино тасмалар көрсөтүлүүдө.

2018-жылы 12-декабрда Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин  К.Дыйкамбаев    атындагы Дипломатиялык академиясында залкар жазуучунун чыгармаларынан  көркөм окуу боюнча конкурстук сынак  өткөрүлдү. Иш чаранын жүрүшүндө Чыңгыз Айтматов жөнүндө документалдык фильм  көрсөтүлдү. Ошону менен бирге  Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институту менен биргеликте КРсынын Толук жана ыйгарым укуктуу элчилик кызматын аркалап турган мезгилди чагылдырган “Жазуучу”, Дипломат, Философ” деген аталыштагы сүрөт жана китеп көргөзмөсүн уюштурушту. Көргөзмөдө Ч. Айтматовдун өмүрүнө жана чыгармачылыгына байланыштуу сүрөттөр жана жазуучунун калемине таандык кыргыз жана чет тилдерине жарык көргөн китептери көрсөтүлдү. Иш-чаранын башталышында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалымат Департаментинин директору М.А.Азымбакиев, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин  К.Дыйкамбаев    атындагы Дипломатиялык академиясынын ректору  Ч.У.Адамкулова, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Чыңгыз Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун жетектөөчү адиси, филология илимдеринин кандидаты М.Т.Садыровдор Ч.Айтматовдун өмүрү, анын 1994-2006-жж Люксембург, Нидерланд, Белгия өлкөлөрүндө КРсынын Толук жана ыйгарым укуктуу элчилик кызматын аркалап турган мезгилдеги Кыргыз Республикасынын тышкы саясатына кошкон салымы, саясий ишмердүүлүгү,  ошондой эле анын чыгармачылыгы жөнүндө баяндоо менен чыгышты.

Сынактын жүрүшүндө КР ТИМдин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери кыргыз жана чет тилдеринде “Жамиля”, “Саманчынын жолу”, “Кыямат”, “Ак кеме”, “Кылым карытаар бир күн” ж.б. чыгармаларынан үзүндүлөрүн окуп беришти.

Сынактын калыстар тобунун жыйынтыгы боюнча “Кыргыз тили” жана “Чет тили” номинациясы  менен мыкты аткаруучуларга байгелүү орундар берилди.

“Кыргыз тили” номинациясы боюнча 1-орун КР ТИМ “Кыргыздипсервис”  Мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери М.Асанкадырова жана Ш.Калдаровага “Саманчынын жолундагы” Толгонай менен Жер-Эненин диалогун мыкты аткаргандыгы үчүн, 2-орун КР ТИМ “Кыргыздипсервис”  Мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери Р.Каниевге “Саманчынын жолу” поМ.Чырбановговестиндеги Майсалбектин катын көркөм окугандыгы үчүн, 3-орун КР ТИМдин иш кагаздарын жүргүзүү  жана электрондук документ айлантуу Департаментинин кызматкери А.Жаркынбаевага “Кыямат” романындагы Акбаранын монологын аткаргандыгы үчүн ыйгарылды.

“Чет тили” номинациясы боюнча 1-орун КР ТИМ Төртүнчү саясий департаментинин Кеңешчиси А. Карагуловго “Жамиля” повестинен үзүндүнү араб тилинде аткарып бергендиги үчүн, 2-  саясий департаментинин Үчүнчү катчысы М.Сырбановго “Жамиля” повестинен үзүндүнү немис тилинде аткарып бергендиги үчүн, 3-орун КР Дипломатиялык академиясынын магистранты С.Абдырасуловага “Кылым карытаар бир күн” романынан үзүндүнү кытай тилинде аткарып бергендиги үчүн ыйгарылды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *